Бишкекте муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн онлайн-аукцион башталды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАукцион балкасы. Архивдик сүрөт
Аукцион балкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Ишкерлер электрондук соода аянтчасы порталында жайгашкан объектилерди көрө алышат.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык мүлктүн онлайн-аукциону кайрадан башталат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандар электрондук соода аянтчасы порталында жайгашкан объектилерди көрүп, ижара акысына өз суммасын сунуштай алат.
"Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн-аукционго катышууга чакырабыз. Сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз, дос-тааныш издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Анда төлөмдөрдү кабыл алуу пунктуларын орнотуу, чакан жайлар, андан тышкары, ашкана, дарыкана жана башка кеңселер бар.
Автоунаа номерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
74,6 тонна! Жарактан чыккан автоунаа номерлерин сатууга аукцион жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0