Кыргызстанга которулган акча боюнча рекорд жаңырды

© AP Photo / LM OteroДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулса, анын көбү, дээрлик 1,3 миллиарды Россиядан келген.
БИШКЕК, 11 авг — Sputnik. Июнь айында тыштан Кыргызстанга 317,2 миллион доллар которулганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Кеп жеке тараптардын акча которуу система аркылуу жөнөткөн каражаты тууралуу болууда.
Эгер Улуттук банктын ачык маалыматтарына көз жүгүртө турган болсок, бир ай ичинде акча которуу боюнча 2005-жылдан бери рекорд жаңыра элек болчу. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч былтыркы жылдын сентябрь айына (295,5 млн. доллар) туура келген.
Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулса, анын көбү, дээрлик 1,3 миллиарды Россиядан которулган.
Ар кыл жылдардын алгачкы беш ай ичиндеги которулган акчалары боюнча маалымат (1,2 миллиард доллардан ашык сумма түшкөн учурлар көрсөтүлдү):
2022 — 1 миллиард 347,5 миллион;
2021 — 1 миллиард 253,2 миллион;
2018 — 1 миллиард 228,7 миллион.
Быйылкы жылдын апрели менен майында келген каражаттын агымы бир айга 250 миллион доллардан болгон. Бул рекорд жаратпаса да жогору деп эсептелген көрсөткүч. Салыштыруу үчүн алсак, мартта 150 миллион доллар келген.
Сом доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
УБ: эми банктар которулган акчаны таблодогу курс менен бериши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0