Өрт чыгат. Телефонду түнү менен кубаттоонун кесепети айтылды

© Фото / Pexels / Hasan AlbariТелефонду кубаттоо. Архивдик сүрөт
Телефонду кубаттоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Адис билдиргендей, смартфонду жылуулугу 20 градуска жакын бөлмөдө кубаттоо керек.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Смартфонду жаздыктын алдына коюп кубаттоо өтө кооптуу. Анткени ал ысып, өрт чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына "Роскачество" мекемесинин Санариптик продукцияларды тестирлөө борборунун башкы адиси Сергей Кузьменко билдирди.
Анын айтымында, смартфон өчкөн кезде дагы жылуулук бөлүп чыгаргандыктан, аны жаздыктын астына койгондо өрт чыгып кетиши ыктымал. Ошондой эле адис телефонду туура кубаттоонун жол-жобосун түшүндүрдү.
"Эгер аппарат жаңы болуп жакшы иштеп турса, түнү бою зарядга калтырып коюунун зыяны жок. Анткени токтун агымын көзөмөлдөп, батарея толгондон кийин ашыкча кабыл албай турган мүмкүнчүлүгү бар. Бирок баттан-баттан жана узак мөөнөт кубаттоо акырындык менен смартфонду буза баштайт", — деди Кузьменко.
Дал ушул учурда аппарат бат ысып, жогоруда айткандай, бир нерсенин алдында калып калса өрт чыгат. Телефон өзүнөн өзү жарылып кеткен учурлар болот.
Адис билдиргендей, колдон келсе смартфонду жылуулугу 20 градуска жакын бөлмөдө кубаттап, ар дайым батареянын деңгээлин 50-60 пайыздын тегерегинде кармоо керек.
Пляжда телефон кармаган бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Смартфонду пляжда эс алуу учурунда кантип коргош керек? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0