Asia Mall соода борборундагы "бомба": милиция иштин чоо-жайын айтты

© Sputnik / Эркин СадыковAsia Mall соода соода борбору
Asia Mall соода соода борбору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Жазылуу
Текшерүү үчүн керектүү экспертизалар дайындалды, иликтөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Asia Mall соода борборундагы кырдаалдын чоо-жайын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы түшүндүрдү.
Саат 13:55тер чамасында 102 кызматына соода борбордун жер төлөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирген унаадан бомба табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.

“Унаанын ичинен РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылды. Ал глушителге зым менен бекитилген экен”, — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери башталды.
Asia Mall соода борборуна бомба коюлганы кабарланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Asia Mall соода борборуна бомба коюлганы кабарланып, курчоого алынды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0