Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Вице-мэр Бишкектеги мугалимдер канча маяна алып жатканын айтып берди

© Sputnik / Александр КряжевМугалим жумуш учурунда. Архив
Мугалим жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Жазылуу
Эмгек акы көбөйгөндөн кийин мугалим болуп иштөөгө кызыккандар арбыганы белгиленди.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Социалдык маселелерди тескеген вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек шаарында мугалимдердин маянасы канчага көбөйгөнү тууралуу айтып берди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Бишкектеги мектеп жана бала бакчаларда жаңы окуу жылы кандай өтөт" аттуу брифингге катышкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева
Вице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
"Эгер мурда мугалимдердин орточо айлык акысы 15 миң сом болсо, жогорулагандан кийин 27 миң сомго жетти. Ошол эле учурда көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы, билим берүүдөгү жетишкендиктери, жогорку категориясы барларды эске алуу керек. Алар 45 миң сомго чейин алууда", — деди вице-мэр.
Мозгачеванын айтымында, маяна көтөрүлгөндөн кийин педагогикалык жамаатты кадр менен камсыздоо көйгөйү жеңилдеген. Мугалим болуп иштөөгө кызыккандар арбып, жадагалса курулуп бүтө элек мектептерге кирүүгө резюме жөнөтүп жатышат.
Жумуштагы жыйын. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Пресс-борбор
1-сентябрга чейин мектеп директорлору дайындалып бүтөбү? Вице-мэрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0