Махмудов, Шаршенбеков, Исмаилов Ислам оюндарында алтын үчүн күрөшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт
Грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
Дагы бир кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков жарым финалда атаандашына жеңилип, коло байге үчүн күрөшмөй болду.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаилов финалга чыкты.
Мелдеш ушул тапта Түркияда өтүп жатат.
Спортчулар чейрек финалдан баштап финалга чейин экиден кармаш өткөрүшкөн.
Ал эми Атабек Азисбеков жарым финалда атаандашына жеңилип, коло байге үчүн күрөшмөй болду.
Финалдык күрөштөр Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештиги оюндарында экинчи алтынды багындырды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0