15-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖамгыр жааганда дарактын бутагындагы таранчы. Архив
Жамгыр жааганда дарактын бутагындагы таранчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
15-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарын аймагында +25...+30 градуска көтөрүлөт.
Бул күнү Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +27...+29 градуска жетет.
Жамгырда бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0