Кыргызстанда валютанын "көмүскө рыногу" иштейби? Улуттук банктын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар санаган киши. Архивдик сүрөт
Доллар санаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы айларда накталай валютаны алмаштырган көмүскө рынок пайда болгону тууралуу маалыматтар тараган.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда валютанын "көмүскө рыногу" жок, бирок айрым элементтери бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банк кабарлады.
Эске салсак, Кыргызстанда акыркы айларда накталай валютаны алмаштырган көмүскө рынок пайда болгону тууралуу маалыматтар тараган. Сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар мессенжерлерде пайда болгон.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда валютанын "көмүскө рыногу" жок, бирок Telegram-каналдарда айрым элементтери бар. Анда кээ бир жарандар акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүгө аракет кылышууда. Бирок мындай операциялардын үлүшү анча чоң эмес жана жалпы кырдаалга олуттуу таасирин тийгизе албайт", — деп жазылган маалыматта.
Улуттук банк укук коргоо органдары менен биргеликте бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатканын айтты:
жыл башынан бери 11 рейд жүргүзүлүп, 14 киши жалпы 245 миң сомго айыпка жыгылган;
укук коргоо органдарына Telegram-каналдары аркылуу акча алмаштыруу иштерин жүргүзгөн жарандардын ишмердүүлүгүн кароо боюнча кат жөнөтүлгөн;
жогоруда аталган Telegram-каналдар боюнча Мамлекеттик салык кызматына, Башкы прокуратурага жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөн;
Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валюталарын алмаштыргандарга, анын ичинде "Моссоветте" иштегендерге рейд жүргүзүлгөн.
Киши доллар купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Улуттук банк көмүскө рыноктон доллар алмаштыруунун кооптуу жактарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0