Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сакыев: жылдан-жылга сел каптаган учурлар көбөйүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Даурбек Сакыев
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Даурбек Сакыев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Даурбек Сакыев өлкөдө сел жүрүү коркунучу сакталган 2 503, жер көчүү кооптуулугу катталган 4 554 участок бар экенин айтты.
Былтыр республика аймагында 17 ирет сел катталса, ушул жылдын август айына чейин 20 жолу аталган жаратылыш кырсыгы болду. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сакыев: жылдан жылга сел каптаган учурлар көбөйүүдө
Анын айтымында, жылдан-жылга сел санынын өсүү тенденциясы байкалып, анын себеби климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу болууда.

"Жаз, жай айларынын келиши менен аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу сел, жер көчкү процесстери активдешип, калктуу конуштарга, инфраструктурага кооптуулук жараткан. Республика аймагында сел жүрүү коркунучу сакталган 2 503, жер көчүү кооптуулугу катталган 4 554 участок бар. Жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кооптуу райондордогу жергиликтүү калкка убагында эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун маалыматына таянып изилдөө жана мониторинг жасалат. Былтыр республика аймагында 17 ирет сел каптаса, ушул жылдын август айына чейин 20 жолу болду. Жылдан-жылга сел санынын өсүү тенденциясы байкалып, ага климаттын өзгөрүүсү себеп болуп жатат", — деди Сакыев

Ошондой эле адис Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу сакталып тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0