Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мураталиев: ынтымак менен ашардын, шерине менен ыражанын айырмасы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент ОФ "Бакдоолот", кыргызовед Мелис Мураталиев
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук уюмунун жетекчиси Мелис Мураталиев ынтымак, ашар, ыража жана шерине тууралуу түшүнүк берди.
Ынтымак деп жеке бирөөнүн жумушун көптөп бүтүргөн учурду айтабыз. Анын түрлөрү бар. Кошуна ынтымак, достордун, классташтардын, туугандардын болуп бөлүнүп кете берет. Адатта көбүнесе чарбалык иштерге байланыштуу болгондуктан кошуналар ортосунда көп аткарылат. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтып берди.
Мураталиев: ынтымак менен ашардын, шерине менен ыражанын айырмасы бар
Кыргыз таануучу ашар деген түшүнүк жалпы элге тиешелүү бир маселени чечүүдө жумурай журттун жапа тырмак киришүүсү экенин белгиледи.
"Ынтымак, ашар, ыража, шерине деген аталыштар жоро-жолдош, тууган-уруктун башын бириктирип келет. Бирок баарынын түпкүрүндө биримдик жатканы менен аз-аздан айырмаланып турат. Алсак, ынтымак деп жеке бир кишиге тиешелүү ишти акы албай, милдет кылбай жалпылап бүтүргөн учурду атайбыз. Ал эми ашар ошол жердеги калкка тиешелүү маселени чечүүдө элдин өзү колго алуусу же жардам берүүсү. Мисалы, жол курулушу, суу чыгаруу, көпүрө куруу дегендей. Ашар жолу менен бүткөн иш бир эле адамга же үй-бүлөгө кызмат кылбай, адамдар тобуна, жалпы айыл же шаар элине, бүтүндөй бир чоң топко пайдасы тиет. Ал эми ыража деп жамандык-жакшылыкта ошол эле туугандар же кошуналар, достор же классташтар ортосунда азыркы заманда акча менен бекитилип калды, белгиленген бир кошумча, жардам, колдоо. Шерине болсо күнүмдүк тиричилик менен алаксып жүрүп, тууган-урук жылдап, айлап жолукпай калбайлы деген таризде, ортого бир белгилүү сумманы чыгарып же башка келишимдердин негизинде түзүлгөн салтанаттуу жолугушуулар десек болот", — деди Мураталиев.
Ал ошондой эле бул иш-аракеттердин бардыгы маанисинде адамдардын бири-бирине камкор болуусуна түртөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0