Министрлик: Башкыртстандан кыргызстандык 50 студент акысыз билим алат

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРКыргызстандык 50 студент быйыл Башкыртстандагы жогорку окуу жайдан окуйт
Кыргызстандык 50 студент быйыл Башкыртстандагы жогорку окуу жайдан окуйт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Маалыматта студенттердин акысыз окуй тургандыгы жана аларга ай сайын стипендия төлөп берилери айтылган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 50 студент быйыл Башкыртстандагы жогорку окуу жайдан окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Кыргызстандын ар кыл аймагынан чогулган жаштар Мифтахетдин Акмулла атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинен педагогика жана психология жаатында билим алышат", — деп айтылган маалыматта.
Маалыматта студенттердин акысыз окуй тургандыгы жана аларга ай сайын стипендия төлөп берилери айтылган.
Философия боюнча эл аралык олимпиада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Кыргызстандык студенттер Россияда философия боюнча олимпиадага катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0