Кара-Балта заводу жети жылдан соң кайрадан "люкс" спиртин өндүрө баштады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР/ Эргеш ЖусубалиевКара-Балта спирт заводу
Кара-Балта спирт заводу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Токтоп турган Кара-Балта спирт заводу президенттин жарлыгына ылайык ишке киргизилгендиги айтылды.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы крахмал камтыган сырьенун негизинде "люкс" классындагы этил спиртин өндүрүүнү баштады (3,4,5-класстагы буудай). Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Токтоп турган Кара-Балта спирт заводу президенттин "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык ишке киргизилгендиги айтылды.
"Бул заводдо акыркы жолу 2015-жылы крахмал камтыган (буудай данына) этил спирти өндүрүлүп, жети жылдан бери "люкс" классындагы спирт өндүрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө 5 800 декалитр аталган класстагы спирт даярдалды", — деп айтылган маалыматта.
Заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 878 миң 640 тонна буудай алынган, учурда сырье сатып алуу үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдиришти. Андан сырткары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 5 миң тонна буудайды карыз тартибинде берүү боюнча келишим түзүлгөн.

Маалымат үчүн

"Кара-Балта спирт заводу" МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты – спирт өндүрүшү. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да (кызылча, чийки кант) кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2 800 декалитрди түзөт. Оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, жабдууларды жарым-жартылай жаңырткандан кийин ишкана суткасына 5000 декалитр өндүрүштүк кубаттуулукка жетери айтылды.
Арак өндүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Кыргызстанда этил спиртине 100 %дык мамлекеттик монополия киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0