Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымбеков: өлкө башчыга санавиация үчүн 7-8 тик учак алууну сунуштайм

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин орун басары Жаркынбек Касымбеков
Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин орун басары Жаркынбек Касымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин орун басары Жаркынбек Касымбеков санитардык авиациянын учурдагы абалына токтолду.
Советтер Союзу учурунда санитардык авиацияда тик учактар болгон экен. Бирок учурда, тилекке каршы, бирөө да жок. Бул тууралуу Жаркынбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Касымбеков: өлкө башчыга санавиация үчүн 7-8 тик учак алууну сунуштайм
Анын айтымында, министрликтин жакынкы аралыкта тик учак алуу пландары жок.
"Биз тоолуу район болгондуктан бир аймактан экинчи жерге жок дегенде эки капчыгайды ашып анан жетебиз. Бул көп убакытты алат. Айрым учурларда адам өмүрү үчүн сааттар эмес минуталар да баалуу. Андыктан санавиацияны күчтөндүрүп, жок дегенде 7-8 тик учак алуу маселеси курч турат. Мен учурдан пайдаланып президентке кайрылып кетер элем. Эгер биз чын эле улуттук медицинанын сапатын жогорулатууну кааласак бул багытта тик учактарды алуу керек. Алар бир гана медициналык максатта эмес, ар кандай өзгөчө кырдаалдар жаралганда жарандарды кырсыктан алып чыгууда да колдонулмак", — деди Касымбеков.
Ал ошондой эле жалпы медициналык мекемелердин абалы да көңүл кубантарлык эмес экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0