Жыныстык жашоону өтө кеч баштаса эмне болот? Жаңы изилдөө

© Фото / Pexels/ Gustavo FringЖубайлар. Архивдик сүрөт
Жубайлар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, төшөк мамилеси кайсы учурда башталбасын, зордук-зомбулуксуз, эки тараптын каалоосу менен болуп, ырахат тартуулашы керек.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Келечекте адамдын жеке турмушу жакшы болушу үчүн аны өспүрүм кезинде төшөк мамилесинен оолак кармоо зарыл. Бул тууралуу Торонто университетинин (Канада) адиси, психолог Диана Пергейндин изилдөөсүнө шилтеме берип Medical Express медициналык журналы жазды.
Анын айтымында, жыныстык жашоого өтө эрте баруунун кесепети өспүрүм кезде ичимдик ичип же баңгизат пайдаланганга барабар.
Ошол эле учурда адис бойго жетип, жыныстык жактан толук калыптангандан кийин деле узак жылдар бою "карманып" жүрө берүүнүн пайдасы жок экенин айтат.
Пергейн өзүнүн командасы менен 3 139 кишинин арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда сексуалдык жашоосун өтө кеч баштагандарда кийин төшөктө ырахат алуу, каалоо, өнөктөшкө толугу менен берилүү жагында бир топ көйгөйлөр жаралганы белгилүү болгон.
"Албетте, төшөк мамилесин сөзсүз бул же тигил куракта баштоо керек деп айтуу кыйын. Анткени дүйнө коомчулугунда 18 жаштан өткөндө, адам толук жетилгенде же никеден кийин деген ар кыл түшүнүктөр бар. Кайсынысы туура экенин эч ким так кесе айта албайт. Андыктан ар ким өзүнүн дүйнө таанымына жараша чечим кабыл алат", — деди психолог.
Ошондой эле ал төшөк мамилеси кайсы учурда башталбасын, зордук-зомбулуксуз, эки тараптын каалоосу менен болуп, ырахат тартуулашы керектигин кошумчалады.
Кишилер тамактануу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Тамакты тоё жеген да пайдалуу. Адистин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0