19-августка карата аба ырайы

Нарын облусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
20-22-августта Кыргызстандын аймагында абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-август, жума күнү, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас, Нарын аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдүн пляжи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Ысык-Көлдүн пляждарында эмнелерге тыюу салынат. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0