Душанбеде АКШнын колдоосу менен машыгуу өтүүдө. Россия ТИМи үн катты

© Sputnik / Евгений ОдиноковТИМ имараты. Архивдик сүрөт
ТИМ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
11-августта Душанбе шаарында АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурган "Аймактык кызматташтык — 2022" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар башталган.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Россиянын ЖККУ боюнча союздаштарынын кастарын тиккен мамлекеттер менен байланышы Москва менен стратегиялык өнөктөштүккө зыян келтирбеши керек. Бул тууралуу РФ ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директорунун орун басары Иван Нечаев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал муну Тажикстандын борбору Душанбе шаарында АКШнын колдоосу астында аскердик машыгуулардын башталышына байланыштуу комментарий берип жатып айткан. "Россияга кастарын тиккен мамлекеттер менен байланыштар биздин өлкө менен болгон стратегиялык өнөктөштүккө зыян келтирбеши керек. Жалпы келишимдеги, анын ичинде ЖККУ менен ЕАЭБдин, КМШ жана ШКУда каралган милдеттенмелерге карама-каршы келбеши зарыл", — деген дипломат.
11-августта Душанбе шаарында АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурган "Аймактык кызматташтык — 2022" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар башталган. Ал 20-августка чейин уланмакчы.
"Аймактык кызматташтык" машыгуусу жыл сайын өткөрүлөт. Иш-чара туруктуулукту камсыз кылууну, террорчулукка каршы күрөшүүнү, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин, АКШнын жана башка мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын чыңдоону көздөйт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылдын 15-майында КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн. Өзбекстан өз мүчөлүгүн токтоткондон кийин ЖККУнун катышуучулары — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.
РФ Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Медведев: ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүн кагыштыруу аракети күч болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0