Бизнесменди кармады. УКМК сооттолгон техникадан атып жаткан видеону көрсөттү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР"Үмүт и Ко" компаниясынын негиздөөчүсүн аскердик техникасы
Үмүт и Ко компаниясынын негиздөөчүсүн аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Буга чейин "Үмүт и Ко" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, анын үйүнөн ок өтпөс машина, бир нече курал табылган.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облусунун аймагындагы Гаваи эс алуу жайынан алыс эмес жерде сооттолгон техникадан (аскердик) атып жаткан учурдун видеосун таратты. Андан сырткары бир нече курал-жарактардын табылганын көрсөттү.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, сооттолгон машина "Үмүт и Ко" компаниясынын жакында эле кармалган негиздөөчүлөрүнүн бирине таандык.
Мындан бир аз мурдараак аталган 52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын сооттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү "Калашников" танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар табылган.
В Бишкеке изъяли наркотики на полмиллиона долларов — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Бишкекте Ирандын жараны 45 млн. сомдук баңгизат алып келген деп кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0