Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык тарыхчы АКШнын Украинадагы чыныгы максатын атады

© AP Photo / Jose Luis MaganaВашингтондогу Капитолий
Вашингтондогу Капитолий - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Жазылуу
Тарыхчы Москванын тынымсыз нааразычылыгына жана тажрыйбалуу америкалык саясатчылардын эскертүүлөрүнө карабастан Вашингтондун Киевди Түндүк Атлантика альянсына тартууга умтулуусун чагымчылык деп атады.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Киевди колдоп, Батыш өлкөлөрүнүн коалициясын түзүү менен АКШ мүмкүн болушунча Россиянын позициясын алсыратууга аракет кылууда. Бул тууралуу америкалык философ, тарыхчы жана лингвист Ноам Хомскийдин El Universal гезитине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, Вашингтон Москвадан Украина кризисин дипломатия жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн тартып алууну каалайт. Бул дүйнөдөгү кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн. Адис мындай чечим Германиянын Рамштайн авиабазасында өткөн саммиттин жүрүшүндө НАТО тарабынан кабыл алынганын эске салды.
"Бул саммитте альянс, анын ичинде Европа АКШнын расмий позициясын кабыл алган. Ага ылайык, Россия мындан ары масштабдуу аракеттерди жасай албаш үчүн алсырашы керек", — деди тарыхчы.
Адис Европа өлкөлөрү "Батыш баалуулуктарын" сатып кеткен тарап катары көрүнбөшү үчүн эле Ак үйдүн чечимдерине кынтыксыз баш ийип жатканына нааразы болду.
"Америкалыктар ар дайым ушундай саясатты карманып келишкен. Бирок Германия менен Франциянын кандайдыр бир альтернативалуу дипломатиялык позициясы бар болчу. Анткен менен бул саммитте алар жөн гана АКШнын позициясын карманып, башка нерсенин баарынан баш тартышты", — деди Хомский.
Тарыхчы Москванын тынымсыз нааразычылыгына жана тажрыйбалуу америкалык саясатчылардын эскертүүлөрүнө карабастан Вашингтондун Киевди Түндүк Атлантика альянсына тартууга умтулуусун чагымчылык деп атады.
"Россия 30 жыл мурун, Путинге чейин эле Украинанын НАТОго киришине каршы болуп келет. Украинанын душмандык мамиледеги биримдикке кошулушуна Горбачев да, Ельцин да макулдугун берген эмес. Путин дагы бербейт. Муну убагында АКШнын башын кармап турган Жордж Кеннан, Генри Киссинджер, Жейк Мадлок жана ЦРУнун башчысы Уильям Бернс эң жакшы түшүнгөн", — деди ал.
Россия 24-февралда Украинада атайын операциясын баштаган. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
РФ сенатору Алексей Пушков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Сенатор Пушков Европаны ара жолго таштоону көздөгөн Канада премьерин сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0