Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын санкциялык саясатынын күтүлбөгөн көйгөйлөрү ачыкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссиянын желеги Борбордук банкынын имаратында. Архив
Россиянын желеги Борбордук банкынын имаратында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Жазылуу
Ири экономикалык державалар санкцияга кошулмак турсун Россия менен соода байланыштарын тереңдетип жатканы Батыштын айласын кетирүүдө.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Россиянын экономикалык көрсөткүчтөрү жана Европадагы энергетикалык кризистин күчөшү Батыштын санкциялык саясатынын ири көйгөйлөрүн ачыктап койду. Бул туурасында баяндамачы Марк Эпископос The National Interest басылмасына макала жазганын РИА Новости билдирди.
Анын айтымында, Россиянын экономикасы жылдын экинчи кварталында төрт пайызга төмөндөгөн, бирок бул күтүлгөндөн аз болуп, аны менен катар рублдин курсу бекемделип, мартта АКШ президенти Жо Байден айткандай “керексиз кагазга” айланып калган жок. Тескерисинче, дүйнөдөгү эң күчтүү валюталардын бири боло алды.
Ошону менен катар дүйнөдөгү ири экономикалык державалар санкциялар режимине кошулмак турсун Россия менен соода жана финансылык байланыштарын андан ары тереңдетип жатканы Батыштын айласын кетирүүдө.

“Индия да, Кытай да соңку жарым жылдыкта Россиядан мунайзат импорттоону көбөйтүү. Батыш санкцияларды киргизгенден кийин Россиянын мунайын экспорттоодон түшкөн кирешеси кескин түрдө көбөйдү. Ал арада европалыктарга электр энергиясы жана жылуулук төлөмдөрү өсүп эле баратат. Себеби Евробиримдиктин Россиянын мунайзатын импорттоодон баш тартуу боюнча ойлонулбаган планы энергетикалык кризис жаратып, аткаминерлери кырдаалды жайгарууга болгон күчүн жумшап жатышат”, — деп жазган Эпископос.

Ошондой эле автор Германия кризистин акыркы чегине жакындап калганын, мындай тенденция өлкөнү Батыштын Россия экономикасына сокку уруу фронтунан четке чыгарышы ыктымалдыгын белгилеген.
Эскерте кетсек, февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей эсептерди жаап, айрымдары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө да олуттуу зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле оодарып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.
БУУнун коопсуздук кеңеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Россияга жаңы санкция киргизүүдөн сестенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0