Фейк-аккаунт ачып экстремизмди жайылтып жүргөн деп 22 жаштагы жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен адам. Иллюстративдик сүрөт
Кишенчен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Жазылуу
Шектүү атайын даярдалган бир нече фейк-аккаунтту иштетип жүргөнү айтылды.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ноокат районунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы А. А. социалдык тармактарда атайын даярдалган фейк-аккаунттарды иштетип жүргөн. Ал баракчалар аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видеороликтерди пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин маалыматтык журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ноокат райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Камакка алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0