Оңбогондой нокаут! UFC 278 турниринин эсте каларлык ирмемдери. Видео

Жазылуу
Америкадагы Солт-Лейк-Сити шаарында UFC 278 ири турнири өттү.
Бир нече жыл бою орто салмак категориясында чемпиондук курун бербей жүргөн нигериялык Камару Усман жеңилүү ызасын тартты. Спортчу тогуз жылдан бери коргоп келе жаткан титулунан ажырады. Турнирдин башкы кармашында атаандашы, британиялык Леон Эдвардс бешинчи раундда аны нокаутка кетирди.
Башкы деген таймаштардын биринде бразилиялык Паулу Коста америкалык Люк Рокхолдду калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңди. Рокхолд беттештен кийин карьерасын аяктоо ниети бар экендигин билдирген эле.
Аталган турнирдеги эсте кала турган ирмемдерди UFC топтогон видеодон көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0