Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Шольц: Путинге Украина дагы 30 жылга чейин НАТОго кабыл алынбайт деп айткам

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүГерманиянын канцлери Олаф Шольц. Архивдик сүрөт
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
Германиянын канцлери атайын операция башталганга чейин Путинге Украина тууралуу убада бергенин билдирди.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольц Россиянын атайын операциясы башталар алдында президент Владимир Путинди Украинаны жакынкы 30 жылда НАТОго кошуу перспективасы жок деп ишендиргенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен Путинге Украинаны НАТОго кошуу маселеси күн тартибинде жок экенин биргелешип өткөргөн пресс-конференциядан кийин айткам", — деди Шольц.
Бирок ал Россия лидери менен сүйлөшүүсү качан болгонун так айткан жок. Украинада согуштук аракеттер башталганга чейин Шольц Путин менен 21-декабрда телефондо сүйлөшүп, 15-февралда Москвага келип украин кризисин талкуулаган.

Украина жана НАТО

Жогорку Рада 2014-жылы өлкөнүн НАТОго кирбейт деген макамынан баш тартып, эки мыйзамга өзгөртүү киргизген. 2019-жылы парламент Конституцияда Евробиримдикке жана НАТОго кирүү багытын аныктаган өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ошентип Украина альянстын өнөктөшү статусун алган алтынчы мамлекет болуп калган эле.
Донбассты бошотуу боюнча атайын операция башталгандан кийин украин бийлиги Түндүк Атлантика альянсына кирүү кызыкчылыгын жоготуп бара жатканын көбүрөөк айта баштады. Ошентип март айында Украина президенти Владимир Зеленский бул маселе боюнча көңүлү сууп калганын билдирип, Киев Брюсселге чөгөлөбөй турганын белгилеген. Ошол эле учурда июль айында ал НАТОго кирүү Украина коопсуздугунун эң жакшы кепилдиги деп атап, өлкөнүн бул жолдон тайбаганын айткан.

Россиянын позициясы

2021-жылдын аягында Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин долбоорлорун жарыялаган. Москва батыштык өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейүүсүнөн, Украинаны блокко кошуудан, постсоветтик өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотуудан баш тартуусун талап кылган болчу. Январдын аягында АКШ менен НАТО Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарына кат жүзүндө гана жооп берип койгон.
Түндүк атлантикалык альянс тирешүүнү каалап жатканын Россия бир нече жолу белгилеген. Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушун формалдуу кадам деп атап, бирок бул иш жүзүндө кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айткан.
Украина жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Батыш Киевди Россия менен эпке келүүгө түртмөлөй турганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0