24-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАт-Башы. Архивдик сүрөт
Ат-Башы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
24-августка караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Шаршембиде Нарын жана Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган облустарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +24...+29 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32 жана Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градуска жетет.
Кубанычбеков: Жер кодекси заман талабына ылайыкташууга жетишпей жатат
Жаан жааган учурда жолдо жүргөн такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0