АКШ чалгын кызматынын Украина боюнча кутумдугунун бети ачылды

© AFP / SAUL LOEBЦРУнун эмблемасы. Архив
ЦРУнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Офицер америкалык басылмаларга "Киев жакында жеңишке жетет" деген аталыш менен тынбай чыгып жаткан макала, материалдарды жөн гана иллюзия деп атаган.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Американын чалгын кызматтары украин армиясынын жеңилип жатканын жакшы билет, бирок ЖМКларга таптакыр тескери маалыматтарды беришүүдө. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегордун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Ал америкалык басылмаларга "Киев жакында жеңишке жетет" деген аталыш менен тынбай чыгып жаткан макала, материалдарды жөн гана иллюзия деп атаган.
"Борбордук чалгын башкармалыгы Украина жеңилерин жакшы билет. Киев режими мыкты бөлүктөрүн курмандыкка чалып, эми каршы чабуулга чыга албастыгын түшүнүшөт. Алар муну атайын операция башталгандан бери эле жасай албай келе жатышат. Украинанын жеңиши тууралуу ЖМКларга жазылгандардын баары чындыкка дал келбеген иллюзия", — деген офицер.
Макгрегор Киевде Американын HIMARS ракета системасынын кору дээрлик түгөнгөнүн айтып, европалык өнөктөштөр Украинага аскердик жардам көрсөтүү кампаниясын июлда эле токтото баштаганын кошумчалады.
"Украинаны талкалаган АКШдагы бардык адамдар азыр абалды жөнгө салууга аракет кылып жатышат. Бул үчүн чыныгы кырдаал тууралуу калп айтып, Вашингтон жана анын өнөктөштөрүнө үмүт артышууда", — деди полковник.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. РФ лидери Владимир Путин анын милдетин "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Президенттин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш ЖМКсы Зеленскийди ким көзөмөлдөп жатканын ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0