Бишкекте айдоочу инспекторлордон качып, аларга каршылык көрсөттү. Видео

© Фото / PixabayАйдоочу. Архивдик сүрөт
Айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Айдоочу Биринчи май РИИБине жеткирилип, төлөбөй жүргөн 28 миң сом айып пулдары үчүн автоунаасы айып короого токтотулган.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Интернетте Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун үч инспекторго каршылык көрсөткөн видеосу пайда болду.
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, бул окуянын алдында айдоочу инспекторлордон качкан. Кайгуул милициясы аны жол эрежесин бузганы үчүн Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу эрежеге баш ийбей, качып, инспекторлор аны Абдрахманов көчөсүнөн кармашкан.
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, айдоочу колго түшкөн учурда каршылык көрсөтүп, инспекторлорду эки ирет тээп жиберген. Ага карата үч протокол түзүлүп, 7 500 сом айып салынганы айтылды.
Айдоочу Биринчи май РИИБине жеткирилип, автоунаа ээси төлөбөй жүргөн 28 миң сом үчүн айып короого токтотулган.
Жолду өтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Бишкекте ЗиЛдин 17 жаштагы кызды сүзүп кеткени видеого түшүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0