Облустук телеканалдардын баары УТРКнын карамагына өттү

© Фото / пресс-служба КТРКУТРКнын имараты. Архив
УТРКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Буга чейин региондогу телеканалдар Маданият министрлигине баш ийчү.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Облустук телерадио компаниялары Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) карамагына өттү. Президент Садыр Жапаровдун бул туурасындагы жарлыгы Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Жарлыкта Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасын бириктирип, бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен кайра уюштуруу тапшырмасы берилгени айтылган.
Ага ылайык, облустук телеканалдар, Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студия Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат.
Мындан сырткары, УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну, ошондой эле корпорацияны техникалык модернизациялоо үчүн кошумча каражат бөлүүнү буйруган.
Эфирдик шум сүрөтү менен телеэкран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Маданият министрлиги РФтин 5 каналына көрсөтүүлөрүн улантууга уруксат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0