Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Бердянск: Украина тарап пландаган терактынын алдын алып калышты. Видео

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБердянсктагы Россия аскери. Архивдик сүрөт
Бердянсктагы Россия аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Жардыруу тууралуу байкоо камерасына жазылып калган видеодон улам билип калышкан.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиялык күч түзүмдөрү Украинанын атайын кызматы Бердянск шаарында массалык иш-чарага туштап пландаган терактынын алдын алышты.
Кармалган адам видеожазуу боюнча көрсөтмө берген учуру РИА Новостиде бар экени айтылды.
Маалыматтарга караганда, Украина жараны Виталий Расторгуев атайын кызматтын айтуусу менен 16-июлда колго жасалган жардыргыч менен теракт жасоого камынган.
"Мен эртең менен Шевченко көчөсүндөгү автоунаага колго жасалган жардыргычты орноттум. Аны Слободка кичи районундагы "Маяк" маданият үйүндө иштетишим керек болчу. Бул автоунаада аскердик-жарандык администрациянын кызматкерлери Сауленко менен Боровко жүрүшү керек эле. Аларды жок кылуу тапшырмасы болгон эмес. Бул күнү "Маякта" өткөн шаардык иш- чарага аталган администрациянын кызматкерлеринин сырткары жергиликтүү жай жай жашоочулар, аны менен катар эле Россия жарандары катышмак", — деп айтып берген Расторгуев.
Ал Украина атайын кызматындагы куратордун айтымы боюнча Запорожьеде жардыргыч затты аймактык администрациядагы кызматкерлердин биринин автоунаасына таккан. Ал массалык акцияга текшерүүсүз киргизилиши керек болчу.
"Активдештирүү үчүн тиешелүү номерге чалыш керек эле. Ишти жасап бүткөн соң фотоотчет менен постту Telegram-каналдарга таратышым керек болчу", — деген Расторгуев.
Шектүүнүн айтымында, февралдан тарта жарандык өзүн-өзү коргоо деп аталган топко кирген. Анын милдеттери шаарды кайгуулдап жана коомдук тартипти сактоо болчу.
"Атайын операция башталгандан тарта бизге Россияны жек көрүү сезимин жарата башташты. Аны менен катар эле жасалма жардыргычтарды кантип колдонууну үйрөтүштү", — деп айтып берди Расторгуев.
Россиялык күч түзүмдөрдөгү маалымат булагы РИА Новостиге пландалган терактыны видеокамерадан улам билип калышканын айтып берген. Ага үйлөрдүн короосунун бириндеги автоунаага коюп жаткандыгы түшүп калган. Шектүү жардыргыч затты иштеткиче күч түзүмдөрү аны кармап жетишкен.
Россиялык журналист Дарья Дугина бараткан унаа жардыгылган жердеги ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
ФСБ журналист Дарья Дугинанын өлтүрүлүшү боюнча иштин бетин ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0