Кызматкер сексуалдык ыдык көрсө эми иш берүүчү да жооп бериши мүмкүн. Маек

© AFP / MANDEL NGANДевушка в офисе. Архивное фото
Девушка в офисе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Жазылуу
Тилекке каршы, жакында эле өлкөдө иш ордунан зордукка кабылган 16 жашар кыз боюнча резонанстуу окуя катталды. Мындан улам өспүрүмдөрдүн, дегеле иш ордунда ыдык көргөн кызматкерлердин укуктарын, коопсуздугун коргоо маселеси келип чыгууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигине Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов маек курду.
КРдин Эмгек кодексине ылайык, 16 жаштан тарта өспүрүмдөр ишке кире алышат. Ошондой эле 15 жаштан тарта тиешелүү эмгек багытындагы мамлекеттик органдын же профсоюздун макулдугу менен, ал эми 14 жашынан ата-энесинин макулдугу менен жумушка орношот.
© Sputnik / Асель СыдыковаПрофсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов
Председатель Республиканского комитета профсоюза работников строительства и промстройматериалов Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов
— Жумушка эрте аралашкан өспүрүмдөрдүн укук-милдеттери тууралуу маалымат берсеңиз?
— 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө жумасына 36 же 24 сааттан ашык иштөөгө мыйзам жол бербейт. Бизде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү жумушка алганда өзгөчө тейлөө тармагындагылар, тилекке каршы, кадимки чоң кишидей эле иштетишет. Бул ошол кызматкердин жумуш берүүчү тарабынан укугу бузулуп жатканын билдирет. Жумуш берүүчү 18 жашка чейинки өспүрүмдү ишке алып жатканда, Эмгек кодексине ылайык, аны саат 22:00дөн кийин таңкы 6:00гө чейин иштете албайт. Ошондой эле жумасына 36 сааттан ашык да анын эмгегин пайдаланбашы керек. Ал эми 18 жашка чейинки кызматкерди иш ордунан башка жакка командировкага жиберүүгө мыйзам жол бербейт. Мына ушул нормалардын негизинде иш графигин түзүп берүүсү зарыл.
Муну менен катар өспүрүмдү ишке алып жаткан компания аны медициналык кароодон өткөрүп, ишке жарамдуулугун тастыктаган справканы жасатып берүү милдети бар. Өлкөдө Жаш ишкерлер биримдиги тарабынан атайын бир эксперимент жүргүзүлгөн. Анда бир кафени алып, ага иштейм деп келген бардык өспүрүмдөрдү Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен гана иштетишкен. Алгач чочулап жаткан кафе ээси бир нече убакыттан кийин иштин сапаты артып, тейлөөгө кардарлардын ыраазычылыгы көбөйүп, кирешеси да жогорулаганын моюндаган. Андыктан иш берүүчүлөрдү өспүрүмдөрдү чочулабай эле жумушка алып, мыйзамдарды сактоо менен иш алып барууга чакырабыз.
— Тейлөөчү кызматта иштеген өспүрүм кардар тарабынан басынтууга же зомбулукка кабылган учурда кантип анын укугун коргоп калуу керек?
— Бизде иш берүүчүлөр көп учурда өспүрүмдөр менен эмгек келишимин түзбөйт. Жаш кызматкерлерди 22:00гө чейин иштеткен учурлар кездешет. Мамлекет тарабынан тийиштүү көзөмөл жок. Эл аралык эмгек стандарттарына кааласак да, каалабасак да жетишибиз зарыл. Тилекке каршы, жумушчулар иш берүүчү же анын жакындары тарабынан ыдыкка, ар кандай моралдык нормага туура келбеген мамилеге кабылып калышууда. Мындай учурда биздин өлкөдө жумуш берүүчүнүн түздөн-түз жоопкерчилиги көрсөтүлгөн эмес. Оор кылмыш болуп кетип эле жоопкерчиликке тартылбаса, негизинен жазаланбай калышат. Мыйзамды гумандаштыруу максатында жоопкерчиликтин 80 пайызы алып салынган.
Биринчи жолу жумуш ордундагы зордук-зомбулук жана ыдыкты жоюу боюнча юридикалык документ дүйнөлүк деңгээлде 2019-жылдын июнь айында пайда болду. Муну биз 2-3 жылдан бери талап кылып жүрүп, быйыл өкмөт менен профсоюздар арасындагы келишимге киргиздик. Бул конвенция ратификацияланса Кыргызстандагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр кирет. Мында иш ордунда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган кызматкер үчүн жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликке тартылары шексиз.
Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Балдарга жасалган зомбулук тууралуу арыздар көп түшө баштады. Акыйкатчынын маеги
— Ал эми сексуалдык зомбулукка кабылган кызматкерлер тууралуу так маалымат барбы?
— Иш ордунда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылуу көйгөйү биздин өлкөдө да кездешет, тилекке каршы, жетекчи тарабынан кол астындагы кызматкерине көрсөтүлгөн учурлар арбын. Биз республикадагы беделдүү компаниялардын кызматкерлерине изилдөө жүргүзгөнбүз. Ага 300гө чукул адам катышкан, 60 пайызы аялдар, 40 пайызы эркектер болчу. "Жумуш ордунда сексуалдык зордук-зомбулук жөнүндө билесизби?" деген сурообузга аял-кызматкерлердин 36,5 пайызы, эркектердин 18 пайызы кабардар экенин билдиришкен. Жалпы катышуучулардын 32 пайызы жетекчиси кыйкырып урушуп, жаман сөз айтып же сөгүп жиберерин ачыкташты. Ал эми аял-кызматкерлердин 20 пайызы жумуш ордунда түздөн-түз сексуалдык ыдык көргөнүн, анын ичинен 15 пайызы кучактап, кармалап, өпкүлөп жиберген учурлар болгонун, дагы 10 пайызы жетекчиси интернет-байланыштар аркылуу ыплас видео, сүрөт же башка материалдарды жиберип кызыгуусун билдиргенин айтышкан. Арасында жолугууга чакырып, жагымсыз анекдотторду айткан жетекчилер да көп болгон. Сурамжылоого 20 жаштан 65 жашка чейинки кызматкерлер катышкан. Ошондой эле жалпы эмгекчилердин 1,5 пайызы жетекчиси уруп, чаап жиберерин белгилешкен. Ал эми өлкөдөгү Сот аялдар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоого 900 аял катышса, анын ар бир төртүнчүсү жумуш ордунда тигил же бул деңгээлдеги сексуалдык ыдык көргөнүн билдирген, ар бир бешинчи студент кыз да ушундай окуяларга дуушар болорун ачыктаган.
— Ооба, студент кезинде агайлары тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылган кыздар да көп. Бул жагын да профсоюздук уюмдар эске алышабы?
— Бул дагы сурамжылоодо белгилүү болгон. Бирок бизде студенттик профсоюздар жок. Мугалим тарабынан окуучуга моралдык этикага дал келбеген мамиле жасалып күч колдонула турган болсо, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн ал иштен кетиши керек. Ушундай жагымсыз окуяга кабылган студенттерге айтарым, "уят болуп калам го" деп коомчулуктан тартынбай, мындай ыплас көрүнүшкө көз жумбай айтып чыгыңыз. Анткени башка кыздардын да укугун, эртеңкисин коргоп каласыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдияр Карачалов: өлкөдөгү Сот аялдар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоого 900 аял катышса, анын ар бир төртүнчүсү жумуш ордунда тигил же бул деңгээлдеги сексуалдык ыдык көргөнүн билдирген, ар бир бешинчи студент кыз да ушундай окуяларга дуушар болорун ачыктаган.
Председатель Республиканского комитета профсоюза работников строительства и промстройматериалов Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Элдияр Карачалов: өлкөдөгү Сот аялдар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоого 900 аял катышса, анын ар бир төртүнчүсү жумуш ордунда тигил же бул деңгээлдеги сексуалдык ыдык көргөнүн билдирген, ар бир бешинчи студент кыз да ушундай окуяларга дуушар болорун ачыктаган.
— Мамлекеттик-муниципалдык кызматкердин этикасы деген документ бар болгону менен ал жеке менчик ишканалардын эле эмес, мамлекеттик кызматкерлердин арасында деле анчалык колдонула бербейт. Саясий кызматтагыларга такыр эле тиешеси жок экен. Жалпы баарына тийиштүү бир эрежени камтыган юридикалык документ барбы?
— Жалпы документ жок. "Мамлекеттик-муниципалдык кызматкердин этикасы" деген документ саясий кызматкерлерге тиешелүү эмес. Ар бир мекеме профсоюз менен макулдашып Этика кодексин кабыл алса болот. Мунун аркасы менен ыдык көрсөткөн кызматкерди жумуштан кетирсе, ал соттошуп кайра ордуна кайтып келе албайт.
— 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуя үрөйдү учурду. Тилекке каршы, иш берүүчү да жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн экен. Ушундай абалга кабылбоо үчүн кызматкер кантип өзүн коргой алат?
— Ыплас, жат көрүнүштөрдөн оолак болуу үчүн ар бир ишкана профсоюз түзүп, жумушчулар классикалык форматта түздөн-түз иштей турган болсо балким буга жол берилмек эмес. Башка мамлекеттерде түзүлгөндөй, мекемеде коркунуч сигнализациясы коюлса кайтаруу кызматы 30 секундада келип калганга чейин мүмкүн болмок. Кызматкердин этикасы сакталышы керек. Ошол себептен жумушчулар өз эмгек укуктарын коргошсун. Негизи иш берүүчүлөр жерибей профсоюз уюмдары менен тыгыз кызматташса болор эле.
— Жогорудагы каргашада жумуш убактысынан кийин болгон окуя экенин айтып, жумуш берүүчү актанып чыгууда. Ушул убакыт аралыгына кайсы учур кирет?
— Жумушка бара жаткан убактысы менен жумуштан чыгып үйгө бараткан убакыт өндүрүштүк маселелерге кирбейт. 2004-жылга чейин бул Эмгек кодексинде бар болчу. Азыркы учурда ал норма каралбайт. Бирок ушундай кырсык болгон кезде тергөө ишинен башка профсоюздар да өз ара атайын иликтөө жүргүзө алат. Жумуш берүүчүнүн талабы, жумушу менен иштен кийин калып же бир жакка баратып кырсыктап калса жетекчи жоопко тартылат. Мында жабырлануучунун жумуштан кийин иш ордунда калып калганы үчүн да жумуш берүүчүсү жооп берип калышы мүмкүн. Азыр укук коргоо органдарынын тергөө жыйынтыгын көрөлү, анан биз дагы бул маселени карайбыз. Жашы жете элек балдарын иштетерде ата-энеси бирге барып, иштей турган жерин көрүп, эмгек келишимин түзүп, маянасын алганда фиксация кылып коюшу керек.
 №98 кесиптик лицейдин окуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Кесиптик лицейди бүткөндөргө эмгек рыногунда суроо-талап жогору. Маек
Улуттук илимдер академиясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Илимдер академиясы эми ЖОЖдор менен эриш-аркак иш алып бармакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0