Соттуулугу жоюлса да депутат, аткаминер боло албайт. Мыйзам долбоору талкууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКамакка алынган киши. Архивдик сүрөт
Камакка алынган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Жазылуу
Учурда соттуулугу жоюлган жарандар кызматка дайындала берет.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен соттолуп, кийин соттуулугу жоюлгандыгына карабастан мамлекеттик кызматты аркалашына тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгеледи.
Мындай норма президент, Жогорку Кеңештин депутаты, министрлер кабинетинин төрагасы, мүчөсү, аким, мэр, айыл өкмөттүн башчысы, жергиликтүү кеңештердин депутаты, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерге тиешелүү болот.
Долбоор мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоону алдын алууга багытталган.
"Коррупциянын кесепеттери улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, калктын саламаттыгына, укуктарын жана эркиндигин коргоого зыян келтириши мүмкүн. Сунушталган чектөөлөр мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү максатында киргизилип, алдын алуучу чара катары кызмат кылат", — деп айтылат долбоордун маалыматтык негиздемесинде.
Эгер мыйзам кабыл алынып калса, Кылмыш-каза кодексинин төмөнкү беренелери менен жазага тартылып, бирок кийин соттуулугу жоюлса да кызматка алынбайт:
Коррупция (336-берене);
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (337-берене);
Бийликтен аша чабуу (338-берене);
Билип туруп пайдасыз контракт түзүү (339-берене);
Мыйзамсыз баюу (340-берене);
Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу (341-берене);
Пара алуу (342-берене);
Опузалап пара алуу (343-берене);
Пара алууда ортомчулук кылуу (344-берене);
Пара берүү (345-берене);
Кызматтык жасалмачылык (346-берене);
Паспортту мыйзамсыз берүү (347-берене);
Шалаакылык (348-берене).
Ала-Арча резиденциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Резиденциядагы 6 дачаны мамлекетке кайтаруу сунушталды. Алар кимге таандык
Жаңылыктар түрмөгү
0