Бишкектин мектеп директорлору үчүн сынак 30-августта өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомьюптерде иштеп жаткан аял. Архив
Комьюптерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
Ордо калаа боюнча жалпы 62 бош орун бар.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте мектеп директорлорунун сынагы 30-августта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ордо калаа боюнча 62 бош орун бар.
"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта жумуш убактысы бүтөрү менен аяктайт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда билим берүү жаатындагы ири реформанын алкагында беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматтан бошотулган. Алардын ордуна жаңы директор конкурстук негизде тандалып алынат. Бул үчүн жер-жерлерде директорлор үчүн сынактар өткөрүлүп бүтүп калды.
Тест. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Мектеп директору боло алат белеңиз? Тесттен өтүп көрүңүз
Жаңылыктар түрмөгү
0