Кыргызстандагы окуучулар качан каникулга чыгышат? 2022/2023-жылдын календары

Жазылуу
Sputnik агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин болжолдуу маалыматына таянып Кыргызстандагы 2022-2023-окуу жылынын каникулдарынын календарын даярдады.
Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт. Мектеп окуучулары үч жолу каникулга чыгышат. Ал эми 1-класстын окуучулары III чейректе бир жумага көбүрөөк эс алат.
Жазгы эс алуу 22-мартта башталганы менен окуучулар ага чейин эле тарайт. "Өлкө боюнча 20-21-март эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 20-марттан баштап 26-мартка чейин эс алышат", — дешти министрликтен. Мектептер IV чейректи 27-мартта башташат. Белгилей кетсек, 20-марттагы (дүйшөмбү) иш күн 29-апрелге (ишемби) жылдырылган.
Тема боюнча:
Баланы мектепке даярдоого канча каражат керек? Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0