Бишкекте подполковник пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен жана фуражка. Архивдик сүрөт
Кишен жана фуражка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Атайын кызмат подполковник жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштурганын билдирди.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Photo / пресс-служба ГКНБ КРБишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
Задержание начальника ГОМ-1 УВД Ленинского района Бишкека подполковника милиции Ч. А. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
Билдирмеге караганда, Ч.А. аттуу подполковник жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.
Спецназ жоокерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Баткенде жихадчылардын үч мүчөсү кармалды. УКМК видеосун жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0