Жыл башынан бери азык-түлүк кайсы аймакта канчага кымбаттады? Статистика

© Sputnik / Илья ПиталевСупермакеттеги кардар. Архив
Супермакеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Жылпы республика боюнча алты ай ичинде азык-түлүктүн баасы 12,5 пайызга өскөн. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 11 пайыз болчу.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитет биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын кайсы аймагында азык-түлүк канчага кымбаттаганы тууралуу маалымат таратты.
Былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу Нарын облусунда кымбатчылык күч алган. Тагыраагы, тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктар 15,5 пайызга баасын жогорулаган.
Экинчи орунда Бишкек менен Ысык-Көл (15 пайызга жакын) турат.
Тамака-аштын кымбаттоосу боюнча (10,5 пайыздын тегереги) Чүй, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустары андан кийинки саптарга жайгашты.
Кымбатчылык башкаларга салыштырмалуу эң төмөн аймак — Ош облусу (10 пайыздан төмөн) болду.
Жылпы республика боюнча айтсак, жарым жыл ичинде азык-түлүктүн наркы 12,5 пайызга өскөн. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 11 пайыз болчу.
Документке кол коюп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Кыргызстанда быйыл кредит алган адамдардын саны азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0