Өлкөдө акчанын көлөмү 5 жыл ичинде эки ирет көбөйүп, 210 млрд. сомдон ашты

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча. Архивдик сүрөт
Акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Былтыр кеңири аныктамадагы акча базасы биринчи ирет 200 миллиард сомдон ашкан.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 1-авгуска карата Кыргызстанда сомдун көлөмү боюнча жаңы рекорд коюлуп, акчанын базалык көлөмү 214 миллиардды чапчыды.
Улуттук банктын сайтында акча боюнча 2003-жылдан берки маалыматтар ачык жайгаштырылган. Аларга таянсак, азыркы учурда рекорддук көрсөткүч жаралды.
Улуттук банктын маалыматындагы маанилүү үч көрсөткүч (кашаага июлдун башындагы мурдагы рекорддук сандар коюлган):
Акча базасы — дээрлик 197 миллиард сом (183,4 миллиарддан ашык);
кеңири аныктамадагы акча базасы — 214,5 миллиард (203,6 миллиард);
колдонуудагы акча — дээрлик 177,1 миллиард (165 миллиард).
Ошентип, бир ай ичинде көрсөткүчкө карата 10,9 миллиарддан 13,5 миллиардга чейин өстү.
Кыргызстандагы акчанын көлөмү акыркы жылдары улам өсүп бара жатат, мисалы, кеңири колдонуудагы акча базасы 2017-жылы биринчи болуп 100 миллиарддан ашкан.
Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат.
Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчалары.
Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери. Алар Улуттук банкта турат.
Доллар купюраларды эсептөө. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Кыргызстандан чыгарылган акча үч айдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0