Пакистан: селден 1000дей адам өлүп, бийлик эл аралык коомчулуктан жардам сурады

© AFP / ABDUL MAJEEDПакистандагы катуу сел
Пакистандагы катуу сел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Апта башында Пакистан бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялап, башка өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырган.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Пакистанда катуу сел жүрүп, андан жабыркагандардын саны 1000ден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Билдирүүгө караганда, 14-июндан бери маал-маалы менен нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрүп жатат. Анын кесепетинен 1 033 адам каза болуп, 1,5 миңден ашык адам жаракат алган. Ал эми акыркы 24 саатта 119 көз жумуп, 71 адам жарбыркады.
"Суу ташкынынан улам миңден ашык үй толугу менен бузулуп, жолдор, көпүрөлөр дагы жарактан чыкты. 700 миңден көп мал кырылды. Жалпысынын 33 миллиондон ашык адам материалдык жана башка чыгымдарды тартты", — деп айтылат билдирүүдө.
Апта башында Пакистан бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялап, башка өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырган.
Сел жүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жалал-Абаддын үч районунда сел жүрдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0