Бишкекте Pfizer вакцинасын ушул жумадан баштап алса болору айтылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүУкол сайып жаткан дарыгер. Архив
Укол сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Борбор калаада эмдөө болжол менен эртең башталат.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Ушул жумадан тарта Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордон Pfizer вакцинасын алса болот. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымына таянып Республикалык штаб билдирди.
Адис коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери өлкөгө бир күн мурда келгенин билдирген.
"Бүгүн Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пунктулары, андан соң аймактар алышат. Борбор калаада эмдөө болжол менен эртең башталат", — деген Ишенапысова.
Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынан 100 620 доза вакцина келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен вакциналар эриткичи жок жеткирилип, колдонулбай турган.
Спутник V вакцинасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Окумуштуулар: "Спутник V" “омикрондон” Pfizer вакцинасына караганда жакшы коргойт
Жаңылыктар түрмөгү
0