1-сентябрда энергетиктер 4 миң бишкектиктин үйүндөгү электр кубатын өчүрөт

© AFP / JUAN BARRETOКол чырагы бар адам электр панелин текшерип жатат. Архив
Кол чырагы бар адам электр панелин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Борбор калаада абоненттердин карызы 7 миллион сомго жеткен.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 1-сентябрда электр кубатына көзөмөл кылып эсебин алган автоматташтырылган система Бишкектеги төрт миң абоненттин электр энергиясын аралыктан өчүрөт. Бул туурасында "Чүй электр тармактары" ишканасынан кабарлашты.
Анын себеби — абоненттердин дебитордук карызынын өсүп кетиши (жалпысынан 7 миллион сомду чапчыган).
Энергетиктер элди электр кубатына болгон карызын өз учурунда төлөөнү суранып жатышат.
Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн "Чүй электр тармактары" ишканасынын сайтында "Абоненттин балансы" бөлүмү бар экендигин, анын жардамы менен тиешелүү тараптар канча карыз экенин көрүп-билип алса болорун айтышты. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 номерине чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жазып маалымат алса болорун кошумчалашты.
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Бишкектин бир катар райондорунда беш күн газ болбойт
Жаңылыктар түрмөгү
0