Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эркин Насиров: казино ачууга лицензия алуу үчүн арыз түшө элек

© Sputnik / Асель СыдыковаФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров кумар оюндарын уюштуруу үчүн мыйзам кабыл алынып, жобосу иштелип чыкканын белгиледи.
Казино иштетүүгө кызыгып кеңешкендер болгону менен лицензия алууга арыз түшө элек. Бул тууралуу Эркин Насиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эркин Насиров: казино ачууга лицензия алуу үчүн арыз түшө элек
Анын айтымында, казино, тотализатор, букмекер ишмердүүлүгүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, ал эми онлайн казинолорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги көзөмөлдөйт.
"Кумар оюндарын иштетүүгө мыйзам кабыл алынып, жоболору бекитилип, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөл кылчу органдар белгилүү болду. Жободо кумар оюндарын уюштуруу үчүн тийиштүү документтерге талаптар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, аталган компаниянын жетекчилиги үчүн тийиштүү талаптар бекитилген. Маселен, компаниянын директору соттолбогон, жогорку билимдүү, беш жылдык иш тажрыйбасы болушу шарт. Ошондой эле салык кызматына карызы жок экендиги тастыкталышы зарыл. Мындан тышкары, кыргыз жарандарын киргизбеш үчүн атайын идентификациялык система орнотушу зарыл. Ал үчүн атайын ыйгарым укуктуу органдан тастыктоочу документтери дагы болушу керек. Тийиштүү документтер тапшырылган соң Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 30 күн ичинде текшерүү, экспертизалар жүргүзүлөт. Эгерде бардык талаптар аткарылган болсо лицензия берилет. Учурда лицензия алуу үчүн консультация алгандар болду, бирок кумар оюндарын ачуу үчүн арыз түшө элек. Лицензиянын наркы Бишкекте казино ачуу үчүн 84 миллион сом, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарына 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас үчүн 25 миллион 200 миң сом деп бекитилди. Ал эми тотализатор, букмекер ачуу үчүн лицензия алчулар 10 миллион 500 миң сом төлөшү керек. Кумар оюндарды уюштуруу талаптары дагы бекитилген. Ага ылайык, кыргыз жарандарын, 21 жашка чейинки чет мамлекеттин жарандарын, мастарды жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерди киргизүүгө тыюу салынат", — деди Насиров.
Ошондой эле ал оюн-зоок уюштуруу үчүн дагы тийиштүү талаптар коюлганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0