Эртең Бишкектин кайсы аймактарында электр кубаты болбойт. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлект энергиясынын белгиси. Архив
Элект энергиясынын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Адистер электр кабелдерин тартып, тоскоолдук жараткан бутактарды кесип, жабдууларды оңдошорун айтты.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Эртең борбор калаанын бир катар райондорунда электр кубаты өчүрүлөрүн "Чүй электр тармактары" ишканасынан билдирди.
Адистер электр кабелдерин тартып, тоскоолдук жараткан бутактарды кесип, жабдууларды оңдоп жана башка иштерди жасайт.
Төмөнкү аймактарда электр энергиясы болбойт:
9:00 -16:00 — Турусбеков көчөсүндөгү №8, Малдыбаев көчөсүндөгү №7 үйдө;
9:00 -18:00 — Көлмө (Алтын-Бешик, Ай-Көл, Жаз, Коммунаров, Кара-Балта көчөлөрүндө) конушунда; Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин тилкелеринде.
9:00 - 12:00 — Сухомлинов, Чапаев көчөлөрүндө;
9:00 - 13:00 — Ак-Босого (Чүй-47, Чүй-48, Чүй-47А, Чүй-48А жана Манас көчөлөрүндө) конушунда;
9:00 -17:00 — 4-кичи районундагы № 15А үйдө, Юнусалиев, Ахунбаев, Беларусь, Койбагаров, Айни, Жунусалиев, Жаманбаев, Шота Руставели, Тимур Фрунзе, Лущихин, Лев Толстой көчөлөрүнүн тилкелеринде; "Красностроитель" (Дубосеков, Ракета, Ички-Суу, Сары-Челек, Набережная, Бел көчөлөрү менен Боом, Ак-Терек чолок көчөсүндө) конушунда.
12:00 -17:00 — Жунусалиев, Айни, 2, 3-линия көчөлөрүнүн тилкесинде жана Сибирь чолок көчөсүндө;
Ош шаарындагы Ак Ниет паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
35 градуска чейин ысыйт. Оштогу бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0