Чуңкурчакта өткөн "Ынтымак" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо
Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Сынактар Эгемендүүлүк майрамы жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаранын алкагында уюштурулган.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чуңкурчак жайлоосунда өткөн "Ынтымак" республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгын жарыялады.
Белгилей кетсек, сынактар Эгемендүүлүк майрамы жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаранын алкагында уюштурулган.
Улуттук салттуу ырлар боюнча:
1-орун — Бишкек шаары;
2-орун — Ош шаары, Чүй облусу;
3-орун — Ош облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустары кызыктыруучу сыйлык алган.
Улуттук бийлер боюнча:
1-орун — Ысык-Көл облусу;
2-орун — Ош шаары, Жалал-Абад облусу;
3-орун — Талас облусу, Нарын облусу, Баткен облусу.
Бул багытта Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары кызыктуучу сыйлыктарга ээ болушкан.
Улуттук кийим-кечелер боюнча:
1-орун — Ош шаары;
2-орун — Нарын облусу, Ош облусу;
3-орун — Талас облусу, Баткен облусу, Бишкек шаары.
Кызыктыруучу сыйлыкка Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустары ээ болушкан.
Коомдук фонддор:
1-орун — "Ынтымак" коомдук бирикмеси;
2-орун — "Кийиз дүйнө" коомдук фонду.
Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы боюнча:
1-орун — Ысык-Көл облусу;
2-орун — Ош облусу, Нарын облусу;
3-орун — Талас облусу, Ош шаары, Чүй облусу.
Бул багытта Бишкек шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустары кызыктыруучу сыйлык алышкан.
Боз үйдү тез тигүү боюнча:
1-орун — Ысык-Көл облусу;
2-орун — Ош облусу;
3-орун — Жалал-Абад облусу.
Күлазык улуттук тамак-ашы боюнча:
1-орун — Ош шаары;
2-орун — Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;
3-орун — Чүй облусу, Ош облусу, Баткен облусу.
Бишкек шаары, Талас, Нарын облустары кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушкан.
Элдик кол өнөрчүлүк боюнча:
1-орун — Чүй облусу;
2-орун — Нарын облусу, Талас облусу;
3-орун — Ош облусу, Ысык-Көл облусу.
Баткен, Жалал-Абад облустары жана Бишкек, Ош шаарлары кызыктыруучу сыйлык алышкан.
Жеңишбек Жумакадыр кыргыз-казак айтышында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Кыргыз-казак айтышында Жеңишбек Жумакадыр жеңди. Байге ээлеринин тизмеси
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.
Жаңылыктар түрмөгү
0