Контурдук пластиканы кимдер жасатпашы керек? Косметологдун кеңеши

© Фото / Pexels/ Тарапата АннаКонтурдук пластика. Архивдик сүрөт
Контурдук пластика. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Косметолог аялдын бети кургак болсо, бырыш басса, филлердин таасири жакшы болбой каларын эскерткен.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дерматолог-косметолог Динара Касымалиева контурдук пластиканын кооптуу жактарын айтып, ал кимдерге сунушталбай турганын тизмектеп берди.
Дарыгер филлерге кыз-келиндерди 25 жаштан өйдө кабыл аларын айтып, ага чейин айымдардын гиалурону, сулуулугу жетиштүү болорун кошумчалаган.
"25 жашка чейин адамдын организми өсөт, андан кийин карып баштайт. Эгер адамдын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип жатса бул процедураны жасоого болбойт. Оозунда герпес инфекциясы бар кезде, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, онкологиялык жана аутоиммундук ооруларга да контурдук пластика жасалбайт", — деген ал.
Косметолог аялдын бети кургак болсо, бырыш басса, филлердин таасири жакшы болбой каларын эскерткен.
Адистин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Күзгү менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жаштарга эмнеге бырыш түшүп кетет? Косметологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0