ЖМК: Шольцтун милитаристтик маанайдагы билдирүүсү Батышты чочутууда

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUГерманиянын канцлери Олаф Шольц. Архив
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Түндүк Атлантика альянсы тирешүү максатын көздөп жатканын Россия бир нече жолу айтып келет.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Чехия университетинде сүйлөп жатып Евробиримдиктин милитаристтик умтулуулары жана “демократиялык баалуулуктарды” колдобогондор менен тирешүүсү тууралуу айтканы Батышты бир аз чочулатып койду. Бул боюнча Junge Welt басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автор айрыкча немец лидеринин 2025-жылга чейин Европанын ыкчам аракет көрүүчү аскердик тобун түзүү боюнча сунушуна таң калган. Берлин ал топту каржы, техникалык жана квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу жагын мойнуна алууга даяр.
"Шольцтун сөзү — алдыга жылууга буйрук, бирок кеп кайсы багыт боюнча экенинде болуп жатат. Ал Европа биримдигин Россия жана Кытайга каршы конфронтацияга түртүүдө", — деп жазылат макалада.
Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) тирешүү максатын көздөп жатканын Россия бир нече жолу айтып келет.
Германия канцлери Олаф Шольц. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Шольц: Россияга каршы сокку уруу үчүн Украинага курал бербейбиз
Жаңылыктар түрмөгү
0