Эмнеге эркек 60тан ашары менен төшөк кумарынан алыстап кетет? Адистин жообу

© Фото / Pexels/ SHVETSГазета окуп жаткан адам. Архив
Газета окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эмне себептен 60 жаштан өтүп калган эркектер төшөк кумарынан оолактап кетет жана бул көйгөйдү кантип жойсо болот? Суроого "Доктор Питер" сайтына берген маегинде уролог, андролог, медицина илимдеринин доктору Александр Лубенников жооп берди.
Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши. Тамырдын ичкеришин кант диабети, гипертония, семирүү сыяктуу оорулар шарттайт.
"Тамыр ичкергенде кан жакшы жүгүрбөй калат. Андайда башка органдар сыяктуу эле эркектин жыныстык мүчөсү дагы жабыркайт. Андыктан бул илдеттерди дарылоо менен "белдин күчүн" жаш кездегидей болбосо дагы салыштырмалуу жакшыртса болот", — деди Лубенников.
Ошондой эле дарыгер эркекти "алдан тайдырган" башка себептерди атады:
тестостерон деңгээлинин төмөндөшү. Бул өзгөрүү көбүнесе организмдин карып бара жатканы менен байланыштуу;
айрым дары-дармектер. Өзгөчө гипертония, ашказан жарасы, депрессия, аллергия сыяктуу ооруларга узак мөөнөткө колдонулчу препараттар;
психологиялык учурлар. Алдан тая баштаган эркектер "өтөсүнө" чыкпай калам, уят болом деп коркуп, өзүнөн-өзү төшөк кумарынан баш тарта баштайт. Жыйынтыгында потенциясы ого бетер төмөндөп кетет.
Адис кандай болгон күндө дагы психолог менен сексологдун кеңешин угуп, мындан тышкары, жубайы менен бул маселени ачык талкуулап, биргеликте чечүү туура экенин айтат.
Сүйүү жубайлар эртең мененки тамак учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Эндокринолог жыныстык каалоону арттырган азыктарды санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0