Мен үчүн күтүүсүз болду. Ташиев Жапаровго сыйлык үчүн ыраазычылык билдирген видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Атайын кызматтын башчысы сыйлык алгандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берген.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамын алуу мен үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сыйлык тапшыруу аземинен кийин журналисттерге билдирди.
"Бүгүнкү сыйлык мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көп жыл өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап, наам бергенине. Ал эми УКМКнын бүгүнкү аткарып жаткан жана келечектеги жумуштарынын эң негизги багыты — мамлекетибиздин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу. Биздин кызматкерлер өз жумуштарын так аткарып жатат", — деди Ташиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Ташиев Июнь окуясында жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүгө чоң салым кошкону үчүн Эл Баатыры наамын берүүнү чечкенин айткан. Аны менен катар өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо аракеттерин белгилеген.
Кыргыз Республикасынын Баатыры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Кыргызстандагы эң жогорку сыйлык кимдерге ыйгарылган? Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0