Келерки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровЧүй облусу. Архивдик сүрөт
Чүй облусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Абанын температурасы 33 градуска чейин жетет. Ал эми Бишкекте күн 10-сентябрга чейин ачык болору айтылды.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Чүй облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Кийинки аптада да Чүйдүн аймактарында күн ысык болуп, абанын температурасы 33 градуска чейин жетет. 9-сентябрда тоолуу жерлерге жамгыр себелеши ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бишкекте 10-сентябрга чейин күн ачык болору айтылды. 10-сентябрда өткүн өтүшү ыктымал.
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0