Жоокерлердин өлүмү: аскер бөлүктөрүндө бүгүндөн тарта мониторинг башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖоокерлер. Архив
Жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Жазылуу
Мониторингдин жыйынтыгы менен тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин арасында адам укуктарынын сакталышын караган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүлө турган болду. Бул туурасында Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул жаатта иштер 5-сентябрдан башталмакчы.
"Алар аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалымат чогултушат жана жеринде аскер кызматкерлер, аскер бөлүктөрдүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топтун төмөнкү иштерди аткарары айтылды:
акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, уруп-сабоо жана өзүн-өзү өлтүрүү боюнча фактыларды топтоо, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;
аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, жоокерлер жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүү, сурамжылоолорду өткөрүү;
аскерлерди суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө "дедовщинаны" алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;
улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдөө, КРдеги укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу сыяктуу тапшырмалар, максаттар коюлган.
Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Аскер институтундагы 19 жаштагы жоокердин өлүмүнө шектелип прапорщик кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0