Садыр Жапаровго чет элдик өнөктөштөр эки жолтандабас алып берди

© AP Photo / David ZalubowskiChevrolet Suburban жол тандабастары. Архив
Chevrolet Suburban жол тандабастары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
Буга чейин 2021-жылы чыгарылган Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки автоунаа кортежге кошулуп калганы жазылган.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун кортежин коштоп жүрүүчү эки жолтандабас унаасы сатып алынды. Маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Социалдык тармактардын колдонуучулары 2021-жылы чыгарылган Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки автоунаа кортежге кошулуп калганын жазып чыгышкан. Султанбаев буга жооп берди.
"Чет элдик өнөктөштөр мамлекет башчынын күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки атайын унааны гранттык негизде беришкен. Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок", — деп жазды маалымат катчы.
Султанбаев кайсы өнөктөштөр кандай шарт менен кымбат унааны алып бергенин ачыктаган эмес.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Сын айтарда этият болсок! Президенттин маалымат катчысы депутаттарга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0