Өлкөдө эми жыл сайын Тазалык күнү белгиленет. Жапаров жарлык чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Жеңиш паркында коомдук иш күнү. Архив
Бишкектеги Жеңиш паркында коомдук иш күнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
Атайын акцияда токойлор тазаланып, таштандылар чогултулат.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эми жыл сайын Улуттук тазалык күнү белгиленип, сентябрдын жана апрелдин үчүнчү жумасында ишембилик өткөрүү тапшырмасы берилди.
Бул жарандык акциянын алкагында массалык ишембиликтер жана агартуу иш-чаралары өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат. Мында жаратылыш аймактарын (токойлор, талаалар, көлмөлөрдүн жээктери) тазалоого басым жасалат, ал эми таштандыларды чогултууда мүмкүн болушунча аларды өз-өзүнчө чогултуу уюштурулат.
Андан тышкары, таштандыларды иштетүүнүн заманбап системасы, өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү колго алынат.
Тигүүчү иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Таштандысын көчөгө ыргыткан тигүү цехтерине айып салынат. Мэрия жолун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0