Көчөдөн албагыла, контрафактылык дарылар өлүмгө түртөт. Министрлик эскертти

Жазылуу
Контрафактылык дары-дармек өлүмгө алып келиши ыктымал. Мунун кесепетин чагылдырган социалдык ролик менен Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштү.
Анда жасалма дары-дармектер контрафактылык товарлардын эң коркунучтуу түрлөрүнүн бири экени белгиленген. Аларды өндүрүү жана сатуу соңку жылдары өскөнү байкалган.
"Дарыны арзан деп дарыканадан эмес колдон сатып алуу менен сиз терс кесепетке, ал тургай кээде өлүмгө дуушар болушуңуз мүмкүн. Контрафакт өлтүрөт", — деп айтылат видеодо.
Аталган ролик Бишкекте 26-28-сентябрь күндөрү X мааракелик эл аралык "Антиконтрафакт" форумунун алкагында тартылган. Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.
Тема боюнча:
Бишкек шаарында "Антиконтрафакт" эл аралык форуму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0