Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Түркиялык ЖМК: Украина толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн

© AFP / SERGEI SUPINSKYЖардыруу учурунда талкаланган имараттардын ортосунда Украинанын желеги. Архив
Жардыруу учурунда талкаланган имараттардын ортосунда Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Жазылуу
АКШлык басылмалар Евробиримдик менен НАТО Украинаны колдоо боюнча консенсустун бузулушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын жазышкан.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Украина тынчтык менен стабилдүүлүктүн ордуна Батышка баш ийүүнү артык көрүп, анын натыйжасында экономикасы кыйрады. Бул тууралуу түркиялык dikGAZETE басылмасындагы макалага шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Украинанын экономикасы Россиянын логистикалык тармагын колдонуп жүргөндө абдан күчтүү болчу. Ал эми батышчыл саясатчылар тарабынан түзүлгөн башаламандык өлкөнү артка тартып, Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине түшүрүп салды", — деп жазылат кабарда.
Натыйжада Украина толугу менен көз каранды мамлекетке айланды. Тактап айтканда, бийликти Батышка баш ийгендер басып алгандан кийин өлкө Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктан миллиарддаган доллар карызга алган.
"Бирок Киев режими ушунча төмөн түшүп кеткенине карабай Батыш мамлекеттеринин жандоочусу болууга өжөрлүк менен умтулууда. Өлкө жетекчилиги украин элинин кызыкчылыгы үчүн аракет кыла баштабаса, анда мамлекет толугу менен жок болуп кетет", — деп эсептейт макаланын автору.
Буга чейин америкалык басылмалар Евробиримдик менен НАТО Украинаны колдоо боюнча консенсустун бузулушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын жазышкан. Буга Батыштын өзүн кыйнап жаткан энергетикалык кризис, азык-түлүккө баанын өсүшү себеп болмокчу.
Украинанын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон бийлиги: чабуул жасоодо Киев ири жоготууга учураганын жашырып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0